Сезимдер учат куш болуп,
Сагынтып көпкө келбесең.
Бугумду басып турганда,
Кусадан ыйлайт терезем.
Кайырма:
Сунам ыр десте сагынган кезде.
Жүзүң албырып күйгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.
Кубалап кайгы-капамды,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой
Ыр менен барган саламды.
Кайырма:
Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде, билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол, билип кой.
Кайырма: