Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө,
Көктөм жылдыз мөлтүр жашын төккөндө.
Мен атайлап бир кайрылдым кечирээк
Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө.
Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын,
Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым.
Балалык кез эске түшүп ушунча,
Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын.
Шамал менен оюма албай жаз желин
Жар боорунан ал күндө издедим.
Алар да жок, бирок эсте калыптыр,
Басып өткөн сенин, менин издерим.
Чуркап өткөн сенин, менин издерим.